Ормуз кризиси: Кыргызстан дагы жер семирткич көйгөйү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров Ошто эл менен жолугушууда Ормуз кысыгынын жабык турганы Кыргызстанга да таасир этип жатканын, жер семирткичтерди алып келүүдө көйгөй жаралганын билдирди. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам кирген чектөө Кыргызстандын башка тармактарына да таасир этүүдө. Маселен, мунун айынан мунайдын баасы да улам өсүп жатат. Мунай ташуучулар баалар дагы өсөт деп эскертип жатышат.