Бишкек–Ош аба каттамындагы дүрбөлөңдүн себеби териштирилип жатат

Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы. Иллюстрация.

Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелде Бишкек – Ош каттамында болгон окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Бул тууралуу Asman Airlines баш ийген “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз катчысы Алена Хоменко "Азаттыкка" билдирди.

Учурда учак каттамдан убактылуу алынып, адистер бардык системаны текшерип жатканы маалымдалды.

"Соңку кырдаалга байланыштуу буларды айткым келет – учак ар бир каттамдын алдында техникалык талаптарга ылайык толук текшерилет. Бул авиациялык коопсуздук. Эгер учактын учуусуна уруксат берилген болсо, демек, ал бардык талаптарга жооп берген. Азыркы учурда Asman Airlines ички иликтөө жүргүзүп жатат. Ар бир майда нерсени дагы аныктап чыгышыбыз керек. Бул окуя боюнча айтылган бардык жагдайларды биз дагы текшерип жатабыз. Бортто дары-дармек кутучасы жана уруксат берилген бардык дарылар бар, алар жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына жараша берилген", - деди Хоменко.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз катчысы Бишкек–Ош каттамы белгиленген шаарга ийгиликтүү конуп, эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Мунун алдында Asman Airlines авиакомпаниясынын 16-апрелде Бишкектен Ошко учкан учагында жүргүнчүлөрдүн абалы начарлап, айрымдары дүрбөлөңгө түшкөнү социалдык тармактарда талкуу жараткан. Бул маалыматты жүргүнчүлөрдүн бири Эртуран Разаков "Азаттыкка" ырастап, айрымдарга аба жетишпей, кычкылтек баллонун колдонууда маселе жаралганын айтты.

Ош аэропортунан "Тез жардам" тосуп алып, айрым жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүлдү.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясы бул окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдирди.

Asman Airlines ("Асман аба жолдору") мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган.

“Манас” аба майданы Asman Airlines деген туунду компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген. (КЕ/GE)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Асанов, Кадыров жана Дүйшөбаев да райсоттон акталдыЖасалма паспорт менен жүргөн жана террорчулукка шектелген эки жаран кармалдыReuters: 2028-жылга чейин дагы төрт миллиондон ашуун адам качкынга айланышы мүмкүнThe Bell Орусияда интернетти ФСБ толук көзөмөлдөп жатканын жазды