Милиция Аксыда төрт жашар бала сабалганы тууралуу маалыматты териштирүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук милициясы төрт жашар наристени чоң энеси сабаган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, 10-апрель күнү Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну, 2022-жылы туулган М.У. аттуу баланын бети-башы көк ала болуп жүргөндүгү тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү башталган".

Мекеменин басма сөз кызматы учурда териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин билдирди.

Наристе жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат айтылган жок.

Мунун алдында төрт жашар наристени чоң энеси ур-токмокко алып келери айтылып, анын эки көзү тең көгөргөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жарыялагандар өлкө жетекчилигине кайрылып, балага зомбулук көрсөткөндөргө чара көрүүнү суранышкан. Комментарий жазгандардын айрымдары аны өз апасы урганын билдиришкен.

Соңку учурда наристени жакындары сабаган окуялар көп катталууда. 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (КЕ)

Дагы караңыз

Журналисттер орусиялык 212 миңден ашуун аскер каза тапканын аныктадыКыргызстанда катталган орусиялык Grinex криптобиржасы 1 млрд рубл уурдалганын билдирди18-апрелдин аба ырайы: Тоолуу аймактарга кар жаайтБишкек–Ош аба каттамындагы дүрбөлөңдүн себеби териштирилип жатат