Иран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирди

Ормуз кысыгына жакын жердеги кеме. Перс булуңу, 11-март 2026-жыл

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливан менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими сакталып жаткан маалда Ормуз кысыгы бардык соода кемелери үчүн “толугу менен ачыларын” билдирди.

Бул жарыядан аз өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп ыраазычылыгын айтып, ошол эле маалда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жетишмейинче Ирандын порттору бөгөттөлө берерин белгиледи.

“Ормуз кысыгы толугу менен ачылды жана бизнес жүргүзүүгө, тоскоолдуксуз өтүүгө даяр. Бирок Иранга гана тиешелүү аскердик-деңиз блокадасы Иран менен келишим 100% аяктамайынча алынбайт”, - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагына.

АКШ президенти “маселелердин көпчүлүгү макулдашылганын”, жакын арада кырдаалдын жөнгө салынарын күтөрүн айтты.

Израил менен Ливандын атышууну 10 күнгө токтотуу тууралуу макулдашуусу 17-апрелге караган түнү күчүнө кирди.

АКШ менен Иран 11-апрелде Исламабадда сүйлөшүү өткөргөн. Тегерандын атомдук программасы жана Ормуз кысыгындагы кыймылды жандандыруу өңдүү негизги маселелери боюнча мунаса жетишилбей, АКШ ирандык портторду бөгөттөй баштаган.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралдан бери Тегеран дүйнөдөгү мунай менен газдын 20 пайыздайы ташылган Ормузду иш жүзүндө жапкан.

8-апрелде АКШ менен Иран эки жумалык жарашуу жарыялашкан. Ислам жумуриятынын расмий өкүлдөрү Израилди Ливанга сокку урууну токтотууга үндөп келишкен жана бул убактылуу макулдашуунун бир бөлүгү экенин айтышкан.

Вашингтон жана Тел-Авив Ливан ал келишимге камтылбаганын билдиришкен.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Асанов, Кадыров жана Дүйшөбаев да райсоттон акталдыБакудагы Алят портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай туратОрусияда чек арадан өткөндөр телефондорун көрсөтүүгө тийиш болот