Орусияда согушка каршы чыккан блогер абакта көз жумду

Христолюб Веган.

Орусиянын Воронеж облусундагы №2 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан блогер Веган Христолюб Божий көз жумганын SOTAvision маркумдун досторуна шилтеме кылып жазды. Блогер "улутчулдукту актоо жана динчилдердин сезимин шылдыңдоо" деген айып менен үч жылга кесилген.

Өзүн христиан активисти, пацифист, космополит жана дааватчы деп атаган Вегандын кылмыш иши 2023-жылдын аягында башталган. Блогер YouTube каналында 2022-жылы жарыяланган ислам дини тууралуу тасмасы үчүн динчилдерди шылдыңдоого айыпталган. Тасмада блогер Чеченстанда Никита Журавлевдун соттолушуна байланыштуу Куранды сындаган. Ал эми "нацизмди актайт" деген айыптоого анын Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы аракеттери үчүн Сталинди жана Кызыл Армияны сындаганы, Украинадагы согушка абакта отургандарды азгыруу жөнүндөгү видеосу негиз берген. Анда "Зектер, каракчылар жана киши өлтүргүчтөр - дүйнөдөгү бардык армиялардын өзөгү" деп айтылган.

2025-жылы февралда Христолюб Веган бул тасмалары үчүн жатак абакта жаза өтөөгө өкүм кылынган. Ал өкүм чыккандан кийин, 2025-жылы ноябрда Воронежде согушка каршы акцияга чыккан учурда кармалган.

SOTAVision долбооруна блогер Орусиядан чыгып кетүүдөн баш тартканын, YouTube каналынан түшкөн акчага жашап жатканын билдирип, үй-жайын көрсөткөн, ошондой эле колонияда ачкачылык жарыялай турганын айткан.

43 жаштагы Вегандын өлүмүнүн себеби ачыкталган жок.

"Атасынын айтымында, Веган абактын жетекчилиги жана камералаш адамдар менен мамилеси начар болгон. Азырынча ал эмнеден өлгөнүн айтуу кыйын", - деген Sota Vision булагы.

Веган бир айда эле саясий көз карашы үчүн камалып отуруп, көз жумган үчүнчү адам. Март айында Коми республикасынын Ухта шаарындагы тергөө абагында орус армиясындагы "фейктер" иши боюнча алты жылга камалган 56 жаштагы Владимир Осипов каза болгон. Апрелде Комсомольск-на-Амуре шаарындагы №2 тергөө абагында камалып турган сүрөтчү, комментарий үчүн камалган 53 жаштагы Андрей Акузин өз жанын кыйган. Ал өлгөндөн кийин террористтер менен экстремисстердин тизмесине киргизилген.

Дагы караңыз

Иран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирдиКыргызстанда катталган орусиялык Grinex криптобиржасы 1 млрд рубл уурдалганын билдирдиОрусияга товар ташуунун жол-жобосу өзгөрөт Кемпир-Абад иши: Асанов, Кадыров жана Дүйшөбаев да райсоттон акталдыОрусияда чек арадан өткөндөр телефондорун көрсөтүүгө тийиш болотАКШ–Кыргызстан: Авиация, санкция, виза маселелери талкууланды