Бишкекте электроунааларды кубаттоочу станцияларды мэрия өзү курууну пландоодо. Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" курган маегинде айтты.
Калаа башчысы электромобилдерди кубаттоочу станцияларды курууга мэрия монополия кылып жатканы тууралуу дооматтарга жооп берди:
"Электр энергиясын түздөн-түз өзүбүз өнүктүрүп жатабыз. Бүгүнкү күнү Бишкек шаары 500 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүп жатат. Экинчиден, таштанды иштетүү менен 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөбүз. Биз өндүрөбүз. Электр энергиясын өндүрүп жаткан соң жер муниципалдык менчик болгон соң, эмне себептен Бишкек өзү электромобиль кубаттоочу станцияларды куруп, эмне үчүн электр энергиясын сата албашы керек деген суроо чыккан".
Мэр учурда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жана таштанды иштетүү аркылуу өндүрүлгөн электр энергиясы үчүн мамлекет төлөп келе жаткан субсидияны жабууну көздөп жатканын кошумчалады. Ошондой эле бизнести чектөө жоктугун, ишкерлер мэриянын шартына көнсө биргелешип иштөө жолун караштырууга болорун айтты.
Буга чейин Бишкекте электромобилдерди кубаттаган станцияларды орноткон ишкерлер мэриянын чектөөсүнө кабылып жатканын айтып даттанышкан. Алар мындай станцияларды курууга мэрия уруксат бербей жатканын, жүздөн ашуун станция курулбай ара жолдо турганын билдиришкен.
Ушул тапта Бишкекте электроунаа кубаттоочу станциялардын саны 500 чамалуу. (ZKo/DSh)