Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Жунушалиев "Манас" университетинин жолго ижара мөөнөтү беш жыл мурда бүткөнүн айтты

"Манас" университетин аралап өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүнүн эскизи. "Азаттыктын" тасмасынан скриншот.
"Манас" университетин аралап өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүнүн эскизи. "Азаттыктын" тасмасынан скриншот.

"Манас" университетинин аймагын аралап өтүүчү Миңжылкыев көчөсүн куруу боюнча нааразылыкка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жооп берди. Калаа башчысы "Азаттыкка" маек куруп, университеттин аймагынан өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүн куруу чечими 2016-жылы эле кабыл алынганын билдирди:

"Миңжылкыев көчөсүнүн узундугу 1,3 чакырым. Тыгын маселеси чечилбейт, аны биз да түшүнүп турабыз. Ар бир жол тилкеси Бишкектин инфратүзүмүн түзөт. Дарбаза менен тосуп алабы, дубал уруп тосуп алабы, ал жолду биз алып, ачышыбыз керек. 2016-жылы эле Бакаев менен Миңжылкыев көчөлөрүн ачуу тууралуу чечимдер чыккан. Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, бул жолдор болгону беш жылга ижарага берилет. Демек, ижаранын мөөнөтү 2021-жылы эле бүткөн. Эмнеге ошол убакта эле бул жолдор алынып, салынбаганы белгисиз", - деди Айбек Жунушалиев.

Шаар мэри соцтармактар аркылуу анын ишмердигин сындаган пикирлерге, ошонун арасында "Олд Бишкек" долбоорунун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча үн катпай келгенине айыптаган билдирүүлөргө да жооп берди. Мэр аталган курулуш шаар бийлигинин чечими менен бузулуп, мурдагы калыбына келтирилип жатканын белгиледи.

Жунушалиев "Азаттыкка" курган маегинде жолдон башка дагы бир катар суроолорго жооп берди.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусун кесип өтүүчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгесине окуу жайдын бир катар студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.

Социалдык тармакта мэриянын демилгесине каршы чыккандар окуу жайдын аймагынан жол өткөрүү шаардагы жашыл аймакты кыскартып, коопсуздукка кедергисин тийгизет деген жүйө келтирүүдө.

Жунушалиевдин айткандарына аталган окуу жай тараптан комментарий бериле элек. (ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG