19-апрелдин аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

19-20-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Тоолуу райондордо, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-апрелде түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаат. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° болот.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар Бишкекте түлөө өткөрдү Бишкек мэриясы электромобиль кубаттоо станцияларын өзү курууну пландоодоЖунушалиев "Манас" университетинин жолго ижара мөөнөтү беш жыл мурда бүткөнүн айтты"Китеби бийлигин коргоп береби?" Борбор Азиянын жазмакер президенттериОрусияда согушка каршы чыккан блогер абакта көз жумду