Абактагы Султанбеков тергөө эрежелеринин бузулушу сотто аныкталганын билдирди

Темирлан Султанбеков. Апрель, 2026-жыл.

"Социал-демократтар партиясынын" лидери, абакта жаткан Темирлан Султанбеков сот тергөө мыйзамды бузуп жатканын тааныганын билдирди. Бул тууралуу маалымат 18-апрелде анын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрель күнү тергөө мыйзам бузуп жатканын таанууга аргасыз болду. Темирлан Султанбековго милдеттүү процессуалдык документтер берилген эмес, анын укугу такай бузулуп келген. Жарым жыл бою күнөөсүн аз да болсо ырастаган бир да тергөө жүргөн эмес", - деп жазылды.

Тергөө башталгандан бери бир да далил табылбаганы, териштирүү жүрбөгөнү, иште эч кандай жылыш болбогону белгиленди.

Маалыматта иш боюнча 36 тергөөчү расмий иштеп жатканы, бирок тергөөнүн дарсыздыгынан сот отуруму үч жолу башка күнгө калганы да жазылган.

"Мыйзамды токтоосуз аткаруу, жасалма эмес, чыныгы тергөө жүргүзүү жана адамдарды далилсиз кармоо практикасын токтотуу абдан маанилүү. Мыйзам баарына тиешелүү болушу керек, адилеттүүлүк тандалма боло албайт", - деп жазылган "Социал-демократтар партиясынын" лидеринин баракчасында.

Темирлан Султанбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айып тагылган.

Ал 2025-жылдын 22-ноябрында кармалып, камакка алынган. Тагылган айыптарды мойнуна албай, иш боюнча тергөө жүрбөй жатканы тууралуу нааразылыгын бир нече ирет билдирген.

Тийиштүү мекемелер анын айыптоолору боюнча маалымат же комментарий бер элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Лейлекте автокырсыктан жабыркаган жоокер Бишкекке жеткирилдиИран Ормуз кысыгын кайра жаап, буга АКШны айыптадыКемпир-Абад иши боюнча акталгандар Бишкекте түлөө өткөрдү Орусияда Ленинград, Самара жана башка облустар дрон чабуулуна кабылды"Манас" аркылуу жол боюнча чечим 2016-жылы эле чыккан