Йемендик хусилер Баб-эль-Мандеб кысыгын жабарын эскертти

Ормуз кысыгы. Иллюстрациялык сүрөт.

Йемендеги хусилер АКШ президенти Дональд Трамп "тынчтыкка бут тосуучу аракеттерин" токтотпосо Баб-эль-Мандеб кысыгын жабарын эскертти. Мындай билдирүүнү хусилердин өкүлү Хусейн аль-Эззи жасады.

Анын сөзүнө караганда, эгер бул чечим ишке ашчу болсо, "бардык адамдар жана жиндер аны ачууга алсыз болушат".

"Ошондуктан, "Трамп жана аны колдогон өлкөлөр тынчтыкка тоскоол болгон саясатын дароо токтотуп, элибиздин жана өлкөбүздүн укуктарын сыйлашы керек", - деди аль-Эззи.

Баб-эль-Мандеб кысыгы Кызыл деңизди Аден булуңу менен байланыштырат. Кысыктан деңиз мунай соодасынын болжол менен 12% жана дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газынын 8% өтөт.

Иран колдогон хусилер катары белгилүү болгон "Ансар Алла" тобу Йемендин борбор калаасы Сананы кошуп басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт.

17-апрелде Израил менен Ливан ок атышпоону макулдашканда Иран Ормуз кысыгын ачканын жарыялаган, бирок кийинки күнү кайрадан жаап, чечимине АКШнын ирандык портторду бөгөттөөсүн токтотпогонун себеп кылган. Тегеран чектөөлөр Вашингтон портторду бөгөттөөдөн толук баш тармайынча алынбасын билдирген. Ошол эле күнү Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган кеминде эки танкер аткылоого дуушар болгону белгилүү болду.

Ормуз кысыгынан дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылат. Кысыктын жабылышы дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташына алып келген.

Дагы караңыз

"Ооруканада иштөөгө шарт жок". Дарыгер министрликти сотко бердиКиевде дүкөндөгү кол салуудан алты киши каза тапты Украина: Орусия 2300дөн ашуун дрон, 1320 авиабомба, 60тай ракетадан сокку урду "Интернет өчүп, карталар бөгөттөлүп жатат". Орусиядагы мигрантты кыйнаган маселе Текебаев соңку айлардагы окуяларды "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деп атады