Жол тескөөчүнүн талабына баш ийбей, сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаардык Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкери Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын токтоткон учурда, айдоочу анын талабына баш ийбей, кызматкерди сүзүп кеткен. Натыйжада кызматкердин буту сынып, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

Кайгуул-күзөт башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 19-апрелде саат 5:30 чамасында катталган.

"Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу инспектордун токтотуу боюнча мыйзамдуу талабын этибарга албай, кызматкерди сүзүп кеткен. Натыйжада инспектор бутун сындырып алган", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, бул окуя тууралуу маалымат түнкү нөөмөткө берилип, айдоочу кийинчерээк кармалган.

Аталган айдоочуга карата кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилгени кабарланды. Бирок кылмыш иши кайсы берене менен козголгону ачыкталган жок.

Айдоочулар жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу буйругуна баш ийбеген учурлар Бишкекте арбын катталат.

Апрелдин башында эле Бишкекте жол тескөөчүнүн талаптарына баш ийбей, сөгүнүп, орой мамиле кылгандан кийин кыргызстандык балбан Мурат Рамонов кармалган.

Укук бузуулар кодексине кошулган жаңы талаптарга ылайык, жол тескөөчүлөрдүн унааны токтотуу талабына баш ийбеген айдоочу кайра сынак тапшырууга милдеттендирилет. (ZKo)

Дагы караңыз

Текебаев Фейсбуктагы билдирүүсүнүн мааниси бурмаланып жатканын айтты Трамп: АКШ делегациясы Иран менен сүйлөшүү үчүн Пакистанга жөнөдүАКШ Оман булуңунда Ирандын жүк ташуучу кемесин кармадыКазак акыны Мухтар Шаханов дүйнөдөн өттүЖапаров Кыргызстан виртуалдык актив, Web3 технологиясынын хабына айланарын айтты