Орусиянын Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Туапсе порту 20-апрелге караган түнү учкучсуз аппараттардын чабуулуна кабылды. Ушуну менен соңку жумада бул порт экинчи ирет бутага алынды.
Телеграм каналдарда жарыяланган күбөлөрдүн видеолоруна караганда, соккудан кийин портто өрт тутанган.
Бийлик өкүлдөрү чабуулдун натыйжасында бир адам каза болуп, бир адам жаракат алганын билдиришти.
ASTRA Телеграм каналы жазгандай, өрт Туапсе мунайды кайра иштетүүчү заводунун резервуарлар жайгашкан аймагында чыккан. Тактап айтканда, мунай сакталган цистерналар күйгөн.
Бул объект 16-апрелге караган түнү да чабуулга кабылган. Анда да өрт чыгып, анын түтүнү ондогон чакырым алыстан көрүнгөн. Өрттү өчүрүү иштери жакында гана аяктаган.
Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев деңиз портундагы чабуу үчүн Украинаны күнөөлөп, ал жакта өрт чыкканын ырастады.
Ал ошондой эле дрон сыныктары шаардагы бир катар имараттардын терезелерин талкалаганын билдирди. Алардын ичинде мектеп, бала бакча, музей, чиркөө, көп кабаттуу турак жай жана газ түтүгү бар экени айтылды.
Туапседеги мунайды кайра иштетүүчү завод деңиз терминалы менен кошо Роснефть компаниясынын түзүмүнө кирет.
Бул компанияны Игорь Сечин жетектейт. Ал Владимир Путин менен жакын байланыштагы адам катары белгилүү.
«Настоящее Время» телеканалы белгилегендей, украин армиясы буга чейин да Туапседеги мунай инфраструктурасына 2025-жылдын март, ноябрь жана декабрь айларында сокку урган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде украиналык 112 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин аскерлери бул соккулар боюнча комментарий берген эмес.