Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктаган деген айып менен камалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) 10-апрель күнү шаардагы орто мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кыз зордукталганы тууралуу маалымат түшкөн. Буга мектептин 21 жаштагы мугалими шектелип жатканы кабарланган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, бул маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, Токмок шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Бул аралыкта Токмок шаардык билим берүү бөлүмү шектелип жаткан жаран мектепке 2025-жылы катчы болуп ишке киргенин, адистигин жогорулатуучу курстан окуган соң, математика жана информатика мугалими болуп иштөөгө укугу болгонун, кадр жетишпегендиктен 7-8- класстарга физика сабаганынан берип келгенин билдирген.

Шектүүнүн жакындары же адвокаты комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 16 жашка толо электерге карата 137 зордуктоо фактысы катталган. Мындан тышкары сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган.

Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG