Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун абактагы мөөнөтүн 15-июнга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 20-апрелде кабарлады. Жакыпбековдун бөгөт чарасы 16-апрелде каралганы дүйшөмбүдө белгилүү болду.
Ушул эле күнү Жакыпбеков менен катарлаш кармалган, "Вазелин" аттуу каймана аты бар Улан К. аттуу УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн бөгөт чарасы дагы эки айга узартылды.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынган. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун досу делген Балыкчы милициясынын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Милиция Жакыпбековдун кишилери - "Пито" жана "Вазелин" аттуу каймана аты бар УКМКнын тергөөчүлөрү кармалганын кабарлаган.
УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин 8-апрелдеги жыйынында жооп берип жатып билдирген.
Анын айтымында, козголгон кылмыш иштердин алкагында УКМКнын тогуз кызматкери жоопкерчиликке тартылып, сегизи соттун чечими менен камалган. Бирөө үй камагына чыккан. Асаналиев кылмыштардын ичинде купуя материалдарга байланыштуу бир иш бар экенин, ал дагы тергелип жатканын кошумчалады.
Башкы прокурор УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн 386 арыз каралып жатканын, арасында такталбай калган, текшерилип жаткан материалдар бар экенин белгиледи.
Кармалгандардын жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек. (КЕ)
Элдар Жакыпбеков жана УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн камактагы мөөнөтү узарды
Шерине