Кыргызстанда ушул тапта Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан, Ленинград блокадасында калган жана концлагерде туткунда болгон 24 ардагер бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Булардын сегизи согуштун катышуучусу.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкекте төрт, Жайыл районунда эки, Ат-Башыда бир, Базар-Коргондо бир ардагер жашайт.
Бала кезинде концлагерде туткунда болгон алты адамдын төртөө Бишкекте, Жайылда бирөө, Манас шаарында дагы бир адам жашайт.
Ленинград блокадасынын 10 катышуучусунун сегизи Бишкекте, Сокулукта бир, Балыкчы шаарында бир киши бар.
Президент Садыр Жапаров 9-май Жеңиш күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берүү жөнүндө жарлык чыгарган.
2025-жылы 9-майга карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери бар эле. Алардын ар бирине 100 миң сомдон берилген.
Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.
СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылы 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан бөлүнгөн мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (ZKo)
Шерине