Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү, экс-депутат Зиядин Жамалдинов 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алынды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, Жамалдиновдун бөгөт чарасы 15-апрелде каралганын билдирди. Президенттин облустагы мурдагы өкүлүн камоо тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү өтүнүч келтирген.
Соттун маалыматына караганда, Жамалдинов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" (263-берене) беренелеринин негизинде шектелүүдө.
ИИМ Жамалдиновдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 14-апрелде Зиядин Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевду ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Ага чейин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефон сүйлөшүү соцтармактарга тараган.
Көп өтпөй Жамалдиновдун биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.
Кийин атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирген. (КЕ)
Шерине