Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

21-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 24…26° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG