2026-жылга карата Украинанын мамлекеттик “Жашагым келет” (Хочу жить") долбоору Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныктады. Бул тууралуу “Жашагым келет” тобунүн өкүлдөрү “Украина - Борбор Азия” долбоорунун суроосуна жооп берген учурда билдирген.
Маалыматка караганда, Орусиянын армиясы менен келишим түзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү, 4853ү Өзбекстандын жарандары. Жалдангандардын саны боюнча экинчи орунда Тажикстан турат. Бул өлкөнүн 3407 жараны Украинадагы согушта орус армиясынын катарында согушуп жүрөт. "Жашагым келет" долбоору Казакстандын паспортун көтөрүп жүргөн 2389 адам келишимге кол койгонун аныктады. Кыргызстандын жарандары бул тизмеде төртүнчү орунда турат. Маалыматка ылайык, бери дегенде 1430 кыргызстандык орус армиясынын катарында жүрөт. Ал эми Түркмөнстандын 578 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнү айтылган.
2025-жылдын жаз-жай айларында "Хочу жить" долбоору Борбор Азия өлкөлөрүнөн барып, Орусиянын Украинага каршы согушуна катышкан 5740 кишинин маалыматын аныктаган. Ошондон бери жалданган борбор азиялык аскерлердин саны эки эсе өскөн.
“Украина - Борбор Азия” орус-украин согушу чөлкөмдүн элине кандай таасирин тийгизип жатканын чагылдырган Телеграм каналы.
Украинанын “Хочу жить” долбоору былтыр ноябрда жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген кыргызстандыктын 143ү окко учкан. Мындан сырткары долбоор орус армиясына "жалдангандар" деген өзүнчө тизмени чыгарган. Анда 800дөй адамдын аты-жөнү жазылган. “Азаттык” буга чейин орус армиясынын катарында согушкан кыргыз тектүү 100гө жакын киши каза болгонун тактаган. Алардын айрымдарында эки өлкөнүн тең паспорту бар. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда миграцияда жүрүп, Украинадагы согушка кеткен кыргызстандык жарандардын так саны тууралуу маалыматы жоктугун быйыл 15-январда маалымат жыйынында билдирген. Ал согушка кеткен же ал жакта көз жумган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар негизинен туугандары тарабынан түшөрүн айткан.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган. (КЕ)
Борбор Азиянын 13 миңдей жараны орус армиясына жалданганы аныкталды
Орусиядагы согушка үндөгөн баннер.