Болгариядагы парламенттик шайлоодо мурдагы президент, евроскептик жана Орусияны жактап жүргөн Румен Радев колдогон «Прогрессивдүү Болгария» коалициясы алдыга чыкты. Коалиция үч партиядан түзүлгөн.
Быйыл жыл башында Радев мөөнөтүнөн мурда кетерин жарыялап, шайлоого катышып, премьер-министр болууну көздөгөн. Анын президенттик мөөнөтү 2027-жылы аяктамак.
Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 91,6% саналып бүттү. Анын жыйынтыгында Радевдин коалициясы болжол менен добуштардын 44,6% алган.
Экзитполдун жыйынтыктары да ушундай эле көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Добуш берүүгө шайлоочулардын 46% катышты.
Акыркы беш жыл ичинде Болгарияда ушуну менен сегизинчи жолу шайлоо өттү. Парламентте фракциялар өтө бөлүнүп кеткендиктен, адатта жеңген күчтөр көпчүлүк түзүп же туруктуу коалиция кура албай калат.
Акыркы коалиция дээрлик бир жыл иштеп, бюджетке каршы нааразылыктар жана кеңири жайылган коррупциядан улам декабрда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Радевди айрым оппоненттери жана батыштык талдоочулар Орусияга ыктаган саясатчы деп аташат. Ал мурда Орусияга каршы санкцияларга каршы чыгып, орусиялык ишмерлер менен жолуккан. Бир жыл мурда ал Мүнхендеги Коопсуздук конференциясында «Киссинжер планы» тууралуу айтып, Украинанын айрым аймактарын берүү аркылуу «эгемен, демократиялык жана эркин Украинага» жетишүү демилгесин ортого салган.