Киевде ок атуу маалында качып кеткен полициячылардын окуясы иликтенип жатат

Терактта каза болгондордун сөөктөрүн курчап турган полиция кызматкерлери. Киев. 18-апрель, 2026-жыл.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Киевде жети адамдын өмүрүн алган теракт маалындагы полиция кызматкерлеринин аракеттерин иликтөөнү тапшырды. Буга чейин социалдык тармактарда ок атышуунун добушун уккан патрулдук кызматкерлер качып баратканын чагылдырган видео тараган.

«Кызмат кылуу жана коргоо жөн гана ураан эмес. Ал тиешелүү кесиптик аракеттер менен бекемделиши керек. Айрыкча адамдардын өмүрүнө байланыштуу чечүүчү окуяларда», — деп жазды Клименко.

Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Иван Выговский иликтөө башталганын жана полиция кызматкерлери кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирди.

«Окуянын бардык жагдайларын аныктоо керек. Бардык видеоматериалдар, анын ичинде интернетке тарагандары да изилденип жатат, күбөлөр суракка алынууда», — деп кошумчалады ал.

Кылмыш иши «Оор кесепеттерге алып келген кызматтык шалаакылык» беренеси боюнча козголду.

Күндүн экинчи жарымында Украинанын патрулдук полициясынын башчысы Евгений Жуков кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени маалым болду. Бул чечимин ал маалымат жыйынында жарыялаганын РБК-Украина билдирди.

«Мен офицер катары ээлеп турган кызматымдан кетүү тууралуу рапорт берүүнү чечтим. Менимче, бул адилеттүү болот», — деди Жуков.

Учурда ок жеген сегиз адам ооруканада жатат. Алардын арасында бир бала бар.

18-апрель күнү кечинде Киевдин Голосеев районуна караштуу аймакта белгисиз адам көчөдө өтүп бара жаткандарга ок чыгарып, супермаркетти басып алып, адамдарды барымтага алган. Ал эч кандай талап койгон эмес. Ошол эле учурда ал катталган батирде өрт чыккан. Кылмышкер адам супермаркетти бошотуу аракети учурунда жок кылынган. Кол салууда жети адам каза болуп, болжол менен 15 адам жаракат алган.

Бул окуя теракт катары иликтенип жатат. Аткан адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 1968-жылы туулган, Москвада туулган жаран болуп чыкты.

Дагы караңыз

Болгария: Орусияны жактаган Радевдин коалициясы шайлоодо уттуТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктаган деген айып менен камалды Кыргызстанда 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды