Ормуз кризиси: АКШ менен Иран бири-бирин айыптоодо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ок атышууну токтотуу макулдашуусу аягына чыгып бараткан тапта АКШ менен Иран анын шарттарын бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо. АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын желеги астында сүзгөн кеме аскерлерге баш ийбей койду деп камакка алынганын билдирди жана Тегеран эпке келбесе, өлкөнүн "таш-талканын чыгарарын" эскертти. Ислам жумурияты Американын аракеттерин "каракчылык" деп атап, катуу жооп кайтарарын билдирди. Стратегиялык Ормуз кысыгы ачылганына бир күн өтүп-өтпөй кайрадан жабылган. Бул арада тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн тагдыры арсар.