20-апрель күнү Кара-Суу районундагы Ынтымак айыл аймагындагы Ынтымак - Кызыл-Суу ички чарбалык жолунда Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, сууга түшүп кеткен.
Кырсыктан төрт киши каза болгон. Маркумдардын сөөктөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өзгөн райондук бөлүмүнүн куткаруучулары суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Милиция автокырсыктын жагдайларын иликтеп жатканы кабарланды.
Аймактык кабарчыбыздын маалыматына караганда, каза болгондор Кара-Суу районунун тургундары.
Маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаты "Азаттыкка" тастыктады. Анын сөзүнө караганда, каза болгон кишилер Кара-Суу районунун Ак-Терек, Жаңы-Арык, Таш-Арык жана Ынтымак айылдарынын башчылары болгон.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.
Кыргызстан унаа кырсыгынан каза тапкандар боюнча КМШда алдыңкы орунда турат. (ZКo)