Орусиянын "көзөмөл реестрине" кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Орусиядагы мигранттар. Архив сүрөт

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев "Акипресс" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат.

Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат.

Орусияда 2024-2025-жылдары миграциялык мыйзамдар катаалдаша баштады. Былтыр 5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелет.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Министрлик дарыгердин айлыгы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө бердиСумыда дрон соккусунан 15 киши жараат алды УКМК 100 миң доллар пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалганын кабарлады Кудрет Тайчабаров соттун чечими менен үй камагына чыкты