25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Көк-Арт, Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндуз 23…28
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.