"Беш айдан бери жылыш жок". Абактагы Султанбеков тергөөгө нааразылыгын билдирди

Темирлан Султанбеков. Апрель, 2026-жыл. Сүрөт Султанбековдун Фейсбук баракчасынан алынды.

“Социал-демократтар” партиясынын төрагасы, абакта жаткан Темирлан Султанбеков дээрлик жарым жылдан бери тергөө амалдары жүрбөй жатканына даттанды. Анын расмий өтүнүчү 14-апрелде сотто да каралганы белгилүү болду. Жакындары анын ишинде саясий мотив бар экенин кайталап келишет.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөө боюнча айтылган сын-пикирлерге комментарий бербей турганын билдирди.

Бишкек шаардык соту өткөн апта абактагы Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечимди күчүндө калтырды. Анын атасы Медетбек Султанбеков бул чечимге нааразылыгын билдирди.

“Биздин көз карашыбыз боюнча бул саясий куугунтуктай эле көрүнүп жатат. Анткени экинчи жолу камалып жатат. Экөөндө тең шайлоонун алдында болуп аткан кампания. Биз бул саясий мотивдеги иш болуп атат деп ойлойбуз. Ушул берене менен кармалган кээ бир кишилерди коё берип жатканын көрүп атабыз. Негедир менин балама жана анын коллегаларына андай болгон жок. Бирок бошонгон балдарга сүйүнүп турам.”

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин кабыл алган.

Шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды. Эми Султанбеков 17-майга чейин СИЗО-1де кармалат.

Атасынын айтымында, уулу жабык жайда китеп окуп, чет тилин өздөштүрүп жатат. Ал абактагы түзүлгөн шартка эч кандай нааразы эмес экенин айтты.

Дагы караңыз

"Тергөө абагында бир да сурак болгон жок". Кадыров менен Атазов үй камагына чыкты

18-апрелде Фейсбукта Темирлан Султанбековдун билдирүүсү жарыяланып, анда тергөө мыйзамды бузуп жатканы айтылган.

14-апрелде Биринчи май райондук сотунда анын тергөөнүн аракетсиздигине байланыштуу өтүнүчү канааттандырылганы белгиленген.

“14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту тергөө мыйзам бузуп жатканын моюнга алууга мажбур болду. Темирлан Султанбековго милдеттүү процессуалдык документтер берилген эмес, ал эми анын айыпталуучу катары укуктары системалуу түрдө көз жаздымда калтырылган. Жарым жыл ичинде анын күнөөсүн кандайдыр бир жол менен тастыктай турган бир дагы тергөө аракети жүргүзүлгөн эмес”.

Иш боюнча жалпы 36 тергөөчү расмий иштеп жатканы, бирок алар адвокаттардын бир да суроосуна жооп бере албаганы үчүн сот процесси үч ирет жылганы да белгиленген.

Султанбековдун жакындары тергөө амалдарынын жүрбөй жатканын буга чейин да айтышкан.

Ички иштер министрлиги саясатчынын билдирүүсүнө комментарий бербестигин, тергөө жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек шаардык соту 21-апрелде “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошентип Атамбаев да 17-майга чейин абакта калды.

Дагы караңыз

Атамбаев ардактуу наамынан эмнеге ажырады?

Былтыр 22-ноябрдын таңында бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги Темирлан Султанбековго, Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып таккан. Султанбековго “Массалык башаламандыктар” беренеси да кошулган.

Булардан тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, активист Турсунбай Шарапов жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлган.

Атазов, Кадыров жана дагы бир айыпталуучу кийин үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деп айыптаган. Мындай кинени алар четке каккан.