ЖК депутаты "Манас" аркылуу жол салууда эки тараптуу келишимге көңүл бурууга чакырды

"Манас" аркылуу өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүнүн эскизи. "Азаттыктын" тасмасынан скриншот.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Бишкектеги "Манас" университетинин аймагы аркылуу өтүүчү жол салуу алдында эки тараптуу келишимдерге көңүл буруп, кайрадан карап чыгууга чакырды.

Эл өкүлү бул багытта 18 беренеден турган келишим бар экенин жана анда окуу жайдын айланасында маселе жаралса дипломатиялык жол менен чечилиши керектиги жазылганын белгиледи.

"Бул университеттин иштеши Жогорку Кеңеште мыйзам аркылуу бекитилген. Бишкек мэриясынын өзүнүн мамлекеттик актысынын негизинде жер тилкеси бөлүнүп берилген. Мэрияны дагы келишимдерге көңүл буруп коюуга чакырам. Ал жерде кампус деп турат. Кампус өзүнчө шаарча, аймак болуп эсептелет. Ошол жердеги студенттер окуп, жакшы шарттар түзүлүшү керек", - деди Жумабеков.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Тыналиев жана Айтматов көчөлөрүн байланыштыруучу Миңжылкиев көчөсү ачыларын билдирген. Ал "Манас" университетинин аймагы аркылуу өтүүчү жол ачыларын, андан жашыл аймак жабыркабасын айткан. Шаардагы Баласагын атындагы, Карасаев атындагы, Раззаков атындагы университеттерди жана башка жогорку окуу жайлары чоң көчөлөрдүн боюнда коопсуз турганын мисал келтирген.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кампусун аралап өтүүчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгесине университеттин бир катар студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.

Социалдык тармакта мэриянын демилгесине каршы чыккандар окуу жайдын аймагынан жол өткөрүү шаардагы жашыл аймакты кыскартат, коопсуздукка кедергисин тийгизет деген жүйө келтирүүдө.

Жунушалиевдин видеокайрылуусуна аталган окуу жай тараптан комментарий бериле элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште Жээнчороев ант берип, депутаттык кызматка расмий кириштиГермания кыргызстандык айыл чарба адистерин окутатИран парламентинин төрагасы согушта Тегеран "жаңы карталарын" чыгарарын айттыТрамп Иран менен атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узартты