Мамлекеттик катчы Оштогу тергөө абагынын имаратын музейге айлантууну сунуштады

Оштогу №5 тергөө абагы. Архив сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы, жазуучу Арслан Капай уулу Ош шаарындагы тергөө абагынын имаратын музейге айландырууну сунуштады. Мамлекеттик катчы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Капай уулу Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек курдурган үй бир кылымдан ашуун убактан бери түрмө катары кызмат кылып келе жатканын айтып, бул имараттын тарыхый мааниси бар экенин белгиледи:

"Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө түрдүү аңыздар айтылып келет".

Арслан Капай уулу ошондой эле тергөө абагы шаар сыртына чыгарыларын, буга байланыштуу Оштун мэри Жанарбек Акаевге бул тарыхый имаратты музейге айландырып сактап калуу идеясын сунуштаганын кошумчалады.

"Жанар мырзанын Ошту өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландары бар, Камчыбектин үйүн музейге айландыруу ошол пландарга бап келет экен. Буюрса!".

Көпчүлүккө "Камчыбектин түрмөсү" деген ат менен таанымал, Ош шаарында жайгашкан №5 тергөө абагынын бир имаратын 1897-жылы Курманжан датканын уулу Камчыбек курдуруп, кийинчерээк өзү ошол абакка камалган. Эки кылымдан бери түрдүү кылмышка шектелген түркүн тагдырлардын күбөсү болгон тергөө абагы толугу менен авариялык абалда экенин белгилеген бийлик 2023-жылы тергөө абагын башка имаратка, шаар сыртына которууну чечкен.(ZKo)

Дагы караңыз

"Беш айдан бери жылыш жок". Абактагы Султанбеков тергөөгө нааразылыгын билдирдиЖогорку Кеңеште Жээнчороев ант берип, депутаттык кызматка расмий кириштиГермания кыргызстандык айыл чарба адистерин окутатИран парламентинин төрагасы согушта Тегеран "жаңы карталарын" чыгарарын айттыТрамп Иран менен атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узартты