Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстанга чет өлкөдөн сапаты начар азык-түлүк кирип жатканын айтып, аны текшерүүчү "Кыргыз сапаты" деген системаны киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 22-апрелдеги жыйынында айтты.
"Биздин өлкөгө абдан сапаты начар азык-түлүк кирет. Бул келечектеги балдардын саламаттыгына таасирин тийгизет. Азык-түлүктүн сапаты начар болсо элибиздин ден соолугу начар болот. Бир канча мамлекеттерде дагы бар, бизге дагы "Кыргыз сапаты" деген системаны киргизиш керек. Мурда "сапат белгиси" деген мөөрчө болот эле. Биздин эл ошону көрүп, сапаттуу же сапатсыз экенин билип, ала баштайт эле", - деди депутат.
Өлкөдө керектелген товарлардын 70 пайызга жакыны сырттан кирет.
Кыргызстан агрардык, бирок азык-түлүк боюнча импорттон көз каранды өлкө. Сырттан азык-түлүк, мунай, курулуш материалдары, техника жана башка көптөгөн товарлар импорттолот. Социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн ичинен үчөө - картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн камсыздай алат. Нан азыктары, мөмө-жемиш, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары жана жумуртканын 70% сырттан, негизинен Орусия менен Казакстандан импорттолот. (КЕ)
Депутат Өмүрзаков Кыргызстанга сапатсыз азыктар кирип жатканын айтты
Иллюстрациялык сүрөт.