Буга чейин дагы жер тилкелерине байланыштуу бул сыяктуу чыр-чатактардын бир нечеси катталып, Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялаган эле.
Ак-Ордо-3 конушунун тургуну Руслан Искенов бир күн мурун сот аткаруучулар үйүн бузууга келгенде өз жанын кыюуга аракет кылган. Нааразылыгын ушинтип билдирген жарандын андай кадамга барышына жол берилген эмес.
Искеновдун айтымында, жерди 2019-жылы сатып алып, 2023-жылы үй курган. Кийин бул тилке башка адамга катталып калганын билген:
“2023-жылы там салып, ошол жерде жашап келдик. Ушул күнгө чейин чырыбыз бүтпөй келди. Биз чечим боюнча кагазды колго ала электе эле сот аткаруучулар өз билемдик кылып, бизди күч менен үйдөн чыгарышканы жатат. Өйдө жактагы кишилер биз үчүн туура эмес кылып, ак менен караны айырмалай албаганы үчүн намыстанып кетип, өзүмө өзүм кол салууга бардым”.
Искенов сыяктуу дагы үч үй-бүлө ушул эле 16 сотых жерге турак жай куруп үлгүргөн. Алар айыл чарба багытындагы жерди ишеним кат менен сатып алып, мунапыс аркылуу мыйзамдаштырууга аракет кылышкан.
Кийин төрт үйдүн жери үчүн кызыл китепти башка жарандар алып калганын, бирок алардын участогу башка болгонун айтышууда.
Дагы караңыз
Жаңы конуштардагы жер мунапысы. Тургундар бийликке кайрылдыСоттун чечимине ылайык, үйү бузулушу керек болгондордун дагы бири Назарбек Космосбек уулу 3 сотых тилкесин 10 миң долларга сатып алган. Ал жерди Динара Аманжанова деген жарандан сатып алганын, үлүш жердин ээси Кутболсун деген жаран экенин айтууда:
“Талашып жаткан Назаралиеванын жери туурасы 500 метр, узуну 7 метр болгон. Аны башка кошуналар тосуп алган. Кийин алар менен сүйлөшүп, мамлекеттик каттоого барып, "ушул жер тигилерге карайт деп көрсөтмө бер, мен жериңди талашпайм" дейт. Ошонун негизинде биз жашап жатсак да кызыл китеп чыгып калды. Ага чейин мамлекеттик каттоодон кызматкери келип текшерген. Ал кийин тергөөчүгө мындай көрсөтмө берип жатат: "Мен барганда төрт үй болгон, ал жерде кишилер жашап жатыптыр. Мен бул жерге кызыл китеп жазып бере албайм". Ушундай каршы корутунду бериптир. Мындай учурда кызыл китеп берүү процесси дароо токтошу керек экен”.
22-апрелде сот аткаруучулар үйлөрдү бузууга кайра келишти. Алар соттун күчүнө кирген чечими бар экенин айтууда.
Экинчи тарап 16 сотых үчүн кызыл китепти 2023-жылы ноябрда алганын, соттун чечими алардын пайдасына чыкканын белгилеп, мурда эле эскертүү берилгенин билдирди.
Өзүн бул жэрдин ээсимин деп тааныштырган Рустам Назаралиев бул тилке башынан эле аларга таандык экенин, үлүш жер макамында болуп келгенин айтууда:
“Сатып алганда эле буларга айткам, бул менин жерим, тийбегиле деди. Мага күлүп коюшту. Милицияны чакырдык, арыз жаздык, бирок каралбады. Прокуратура да ошентти. Жер талаш боюнча сотко кайрылгыла дешти. Мунапыс учурунда жерге курулуш жүргүзгөнгө болбойт, токтоткула дедим. Сотко бергенге аргасыз болдум. Соттошуп жүрүп былтыр жайында Жогорку Соттон чечимди алгам”.
Дагы караңыз
"20 жылда 28 чарчы метр үйгө жеткем". Анар-Бактагы "снос"Конуштун активисттери бул тилке боюнча жер мунапысынын талаптары аткарылбай калганын айтып, кызыл китеп берүүдөгү жагдайларды териштирүүнү талап кылууда. Активист Мирбек Осмонов мындай жүйө келтирүүдө:
“Назаралиевдин үйү жер мунапысынын объектисине кирбейт. 16 сотых жерге архитектура “2012” деген номур берген. Анда ушул 16 сотыхтын ичинде буга окшогон үйдүн же пайдубалдын белгиси болушу керек эле. Ал эми Назаралиевдин жеринде бир да андай белги жок. Демек, кызыл китеп 2022-жылы чыгып жатат. Ал убакта бул жер бош болчу. Жер мунапысынын объектиси 2021-жылдын декабрына чейин курулган үйлөр же пайдубалдар деп так көрсөтүлгөн. Демек, бул үйгө кызыл китептин чыкканы мыйзамсыз”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ак-Ордо: Жер талаштан чыккан чуу
22-апрелде барган сот аткаруучулар менен тараптар мунасага келип, турак үйлөрдү бузуу иши башка күнгө калганы айтылды.
Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү буздурула турган жарандардын нааразылыгына байланыштуу маалымат берди. Мекеме билдиргендей, 21-апрелде кызматкерлер ал жерге мажбурлап аткаруу (бузуу) тууралуу соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу барышкан жана тиешелүү эскертүү тургундарга үч күн мурда берилген.
Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Ленин райондук соту мыйзамсыз курулуштарды бузуу тууралуу чечим чыгарган, 4-мартта К. уулу Н. жана И. Р. аттуу эки тургунга ал чечимди аткаруу сунушу берилген, бирок алар аны аткарган эмес.
Мажбурлап буздуруу тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Сокулук райондук электр тармактары кабардар кылынганы айтылды.
Мекеме ишин "Сот аткаруучулардын макамы жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө" мыйзамдын 100-беренесине ылайык жүргүзөрүн, жогоруда аталган дарекке атайын техника тартылганын, медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам кызматы, ал эми коомдук тартипти сактоо үчүн Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.
Ошону менен катар бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү тууралуу көп жылдан бери аткарылбай келаткан жалпысынан 129 иш бар экенин, анын баары көзөмөлгө алынганын, эгер соттун чечимин аткарууга каршылык көрсөтүлө турган болсо материалдар кылмыш ишин козгоого ички иштер органдарына өткөрүлүп берилерин эскертти.
Дагы караңыз
Бишкек: Жер мунапысы боюнча арыздардын алты миңи каралдыБишкектин Ак-Ордо-3 конушунун жашоочусу үйүн бузууга келген сот аткаруучулардын көзүнчө өз өмүрүнө кол салганы тууралуу видео 21-апрелде тараган. Бул тууралуу Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдү документтештирүү иштерине аралашкан активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасына жазган.
Осмонов Ак-Ордо-3 конушунун №498 контурундагы төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жатканын, ошол себептүү бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөнүн билдирген.
Бишкектин Ак-Ордо конушунун айрым тургундары былтыр октябрда мыйзамсыз курулган деген негизде турак жайларын бузууга эскертүү берилгенине даттанып чыгышкан. Ал тапта Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялаган. Буга чейин Чүй облусунда, Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген курулуштар бузулуп, нааразылык чыккан учурлар катталган.
Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.