Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

Бишкек: Жер мунапысы боюнча арыздардын алты миңи каралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 6 миңден ашуун арыз каралды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 10-мартта билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал арыздардын 2 жүздөйү боюнча оң чечим кабыл алынды, 5 миңден ашууну кошумча изилдөө үчүн тиешелүү кызматтарга жана шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн "Бишкекбашкыархитектура" мекемесине жөнөтүлгөн.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам менен жер мунапысы жарыяланган. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин документи жок болгонуна карабастан үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Соңку күндөрү Бишкекте жер талаш маселелери улам бир жерден козголуп жатат. Жердин ээси экенин айткан эки тарап өз жүйөлөрүн келтирүүдө.

Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG