Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

ИИМ: жаңы эреже киргени мас айдоочулар үч эсеге азайды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдагандан кийин быйыл 8-мартта мас болуп автоунаа айдагандар өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу үч эсеге азайганын билдирди. Мекемеден билдиришкендей, ичимдик ичип машине айдагандар майрам күндөрү көп болот.

2021-жылы 8-мартта 18 мас айдоочу, ал эми 2022-жылы 20 болсо, быйыл 7 мас айдоочу кармалган.

8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эреже боюнча мас айдоочу – айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса - үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Алар: автоунаанын номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор, милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар, жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бербегендер, каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар, жол эрежесин бузуу менен адамдын ден-соолугуна зыян келтиргендер, машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG