Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Сот Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруу арызын канааттандырган жок


Тенгиз Бөлтүрүк жыл башында абактан ачык кат жолдоп, Кумтөр жана холдинг тууралуу толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айткан.
Тенгиз Бөлтүрүк жыл башында абактан ачык кат жолдоп, Кумтөр жана холдинг тууралуу толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айткан.

Бишкектеги Октябрь райондук соту 10-мартта "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров "Азаттыкка" билдирди. Ал бул чечимге байланыштуу шаардык сотко кайрыларын айтты.

Мунун алдында, 9-мартта Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева күйөөсүнүн абалы стресстин айынан начарлап жатканын билдирген. Ал Фейсбукка күйөөсү ылмыш кылбаганын, актыгын далилдеш үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экенин, ага каршы көрсөтмө берүү үчүн башкаларга басым жасалып жатканын айтып, түнкүсүн күйөөсүнүн дем алуусу улам 1-1,5 мүнөткө токтоп калып жатканын айткан.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу башкарып келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу да ыйгарылган.

Быйыл 23-январда мурдагы жетекчи абактан ачык кат жолдоп, Кумтөр жана холдинг тууралуу толук отчет берүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айткан.

Ага жооп берген “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Бөлтүрүк бул компанияны бир жылдан ашуун башкарып турганын, ага долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык шарт түзүлүп берилгенин, бирок “катуу билдирүүлөрүнөн жана жумушка өтө жогору маянага тыштан шектүү адамдарды тартканынан башка эч кандай реалдуу кадамдар жасалбаганын” билдирген.

Кыргызстандын Эсеп палатасы өткөн айда “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG