Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин жактырды. Тизмеде Кыргызстан бар

Европа биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин жана Украинага 90 млрд евро кредит бөлүү тууралуу макулдашты. «Азаттыктын» украин редакциясы шаркетте төрагалык кылып жаткан Кипрдин өкүлүнө шилтеме менен жазгандай, документке кол коюу жараяны 22-апрелде башталды жана бейшембиде аяктамакчы.

«Украинага 90 млрд евролук кредит берүү жана санкциялардын 20-пакети Еврошарккеттин элчилери курган жыйындын күн тартибине киргизилген жана жактырылды», - деп билдирди дипломат.

Эки маселе боюнча акыркы чечим кабыл алуу Венгрия менен Словакиянын каршылыгына байланыштуу кечеңдеди.

Санкциялар пакети согуштун 4 жылдыгы алдында эле кабыл алынат деп күтүлгөн.

Документте орусиялык мунай менен газга, танкерлерге, көмүскө флотуна, химикаттардын экспортуна, банк секторуна чектөө киргизүү каралган.

Евробиримдик Кыргызстанга чара көрүү сунушун да киргизген. Ага ылайык, өлкөгө компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал. Бул санкциялар менен Кыргызстанга алгачкы жолу товар сатууга бөгөт коюлганы турат. Брюссел өлкөгө импорттолгон кош максатта колдонулчу айрым товарлар санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга реэкспорттолушу мүмкүн деп кооптонот.

Жазалоочу чаралар күчүнө кирсе, Кыргызстан Евробиримдиктин бул өңдүү санкциясына кабылган биринчи мамлекет болуп калмакчы.

Андан тышкары орусиялык жана үчүнчү өлкөлөрдүн 20 банктары менен иш алып барууга тыюу салынган. Арасында Кыргызстандагы “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктарын жана “ТенгриКоин” компаниясын да “кара тизмеге” киргизүү сунушун берген. Аталган банктарга "криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон" деген кине коюлган.

Санкциялык тизмеде Лаос, Азербайжан жана Армениянын банктары бар.

Шаркеттин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан февралдын аягында Бишкекке келгенде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кыргыз тарап кайсы бир коркунуч жаралса, чечимди акыл калчап, кесипкөйлүк негизде кабыл аларын, тышкы экономикалык операцияларды жүргүзүүдө мыйзам жана эрежелерди сактай турганын айткан.

Кыргызстандын бийлиги жеке компанияларга колдонулган чараларды кескин айыптап, айрыкча банктарга салынган санкцияларды кайра алууну талап кылып келет.

Дагы караңыз

"Акчабызга сатып алганбыз". Ак-Ордодо төрт үйдүн жери талашка түштү"Жүрөк клапаны бычаксыз алмашты". Кыргыз хирургдары кымбат операцияны колго алдыЛиван Израилден аскерин чыгарып кетүүнү талап кылды