Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

"Жүрөк клапаны бычаксыз алмашты". Кыргыз хирургдары кымбат операцияны колго алды

Операция учурунда тартылган сүрөт.
Операция учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда биринчи жолу жүрөктүн митралдык клапаны катетер менен алмашты. Мурда кыргызстандык бейтаптар мындай операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барышчу. Адистер митралдык клапанды скальпелсиз алмаштыруу кыргыз медицинасы үчүн чоң жаңылык экенин белгилешет.

Жүрөктүн сол карынчасы менен сол дүлөйчөнүн ортосунда жайгашкан митралдык капкакча (клапан) канды артка кетирбей көзөмөлдөп турат.

Адистер аны бычак тийгизбей алмаштырган TMVR (Transcatheter Mitral Valve Replacement) ыкмасына Кыргызстан коңшуларынан биринчи болуп өткөнүн айтышууда.

Акбаржан Рустамов жүрөк клапанын жаңы ыкма менен алмаштырган алгачкы бейтап. 80 жаштагы Бишкектин тургуну буга чейин жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.

Акбаржан Рустамов
Акбаржан Рустамов

“Жүрөгүм көп жылдан бери ооруйт. Адеп жүрөккө шунт жасашкан. Атын унутуп калдым, Батышта иштеген кыргыз бала экен, ошол жасаган. Андан кийин кардиостимулятор коюшкан. Орусияга барып, аорталдык клапанды да алмаштырып келгем. Бул жүрөгүмө жасалган төртүнчү операция. Бул жолкусун Түркиядан келген хирург операция кылды. Мага чейин миңдей адамды операция кылган экен, мен 1004үнчү бейтабы болдум. Эч жеримди кескен жок. Күндөн-күнгө жакшы болуп баратам. Биздин догдурларды четке окууга жиберип, алар үйрөнгөнүн бул жакта кылса жакшы болмок”.

Бейтап мурдагыдай денесине бычак тийбегенин, ооруканада эки күн жаткандан кийин эле үйүнө чыгып кеткенин айтты.

64 жаштагы Дамира Молдобаева дагы 17-апрелде операция болгон. Ал учурда "Бикард" клиникасында дарыланууда.

“Кырк жылдан ашуун жүрөк оорусу менен алышып келем. Бала чакта ревматизм (кызыл жүгүрүк-ред.) болгом. Отуз жаштан бери үчүнчү жолу операция болдум. Мурдагы операциялардын бирин Алматыдан, бирөөнү Москвадан жасаткам. 14 жыл мурда Орусиядан эки клапанды алмаштырышкан эле. Кыргызстанда мындай деңгээлде операция жасаларын уккан эмесмин. Быйыл Москвага барсамбы деп ойлонуп жаткам. Бул жакка текшерилип, коронарография жасатуу үчүн келсем айтып калышты. Көрсө, өзүбүздө деле жасаса болот турбайбы. Азыр дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жатышат. Андан көрө өз медицинабызды коргоп, колдосок жакшы болмок”.

"Кыргыз медицинасындагы чоң жаңылык"

Кыргыз дарыгерлери митралдык клапанды катетер менен алмаштырууну түрк кесиптештеринен үйрөнгөн.

Бишкектеги алгачкы операция атайын Түркиядан келген кардиохирург Левент Коркмаздын катышуусунда жасалды.

“Бикард” клиникасынын башкы дарыгери, кардиохирург Асан Назаров бул ыкма кыргыз медицинасы үчүн чоң жаңылык экенин белгиледи.

“Мурда клапанды алмаштыруу үчүн көкүрөктү ачууга туура келчү. Азыр болсо клапанды жоон сандагы кан тамырга киргизген катетер менен алмаштыруу - чоң мүмкүнчүлүк, чоң кадам. Себеби, бул операция Орто Азияда биринчи жолу бизде жасалды. Мурда жүрөгүнөн операция болгон адамдар кезектегисин көтөрө албай калышы мүмкүн. Ошон үчүн бейтаптарга ушул операция сунушталып, алар аргасыз чет өлкөгө барышчу. Азыр болсо өз өлкөсүндө коопсуз операция болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду”.

Кардиохирург Асан Назаров жаңы операция кандай өткөнүн түшүндүрүүдө. 21-апрель, 2026-жыл.
Кардиохирург Асан Назаров жаңы операция кандай өткөнүн түшүндүрүүдө. 21-апрель, 2026-жыл.

Кыргызстанда жүрөккө операция биринчи жолу 1959-жылы 19-майда жасалган. Академик Иса Ахунбаев жана анын шакирттери бул күнү Шаршенбек Мырзабеков аттуу бейтапты өлүмдөн куткарышкан. Ошондон бери бул дата кыргыз кардиохирургиясынын расмий эмес түптөлгөн күнү катары белгиленет.

Иса Ахунбаевдин жолун кийин кызы Нелли Ахунбаева улаган. Кыргыз тарыхындагы алгачкы аял кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, профессор жаңы ыкма тууралуу мындай ой бөлүштү.

Нелли Ахунбаева.
Нелли Ахунбаева.

“1959-жылы Орто Азиядагы жүрөккө операция биринчи бизде жасалган. Иса Коноевичтин демилгеси менен кардиохирургиянын алгачкы имараты 1963-жылы курулуп бүткөн. Ошол жылдан тарта канды жасалма айландырууга даярдык башталган. Митралдык клапанды алмаштырган биринчи операцияны 1964-жылы жасаганбыз. Анда мен хирургдун ассистенти элем. Бүгүн биз көкүрөктү тилип, жүрөктү ачпаган, жасалма кан айландырууну талап кылбаган жаңы операцияга күбө болуп отурабыз. Бул чоң жетишкендик”, - деди Ахунбаева.

Жүрөктүн митралдык клапанын катетер менен алмаштырган операция биринчи болуп 1999-жылы АКШда жасалган. Кыргызстанга 27 жылдан кийин жеткен бул ыкма азырынча “Бикард” менчик клиникасында гана иштеп жатат.

Аталган клиниканын жетекчиси Турдали Заиров алгачкы операция 20 миң долларга жасалганын айтты:

Турдали Заиров.
Турдали Заиров.

“Мурда жүрөккө ачык операция жасалганда бейтаптар он күндөй баса албай жатып калчу. Азыр көрүп жатасыз, операция болгон бейтап эки күндөн кийин эле үйүнө чыгып кетти. Экинчиден, бул бейтап үчүн жеңилдик. Дүйнө боюнча мындай операциялардын эң арзаны 40 миң доллар турат. Батыш мамлекеттеринде 200 миң доллар. Биз алгачкы бейтапка жеңилдик берип, 20 миң долларга жасадык. Бара-бара 40 миң долларга көтөрөбүз. Чет өлкөгө барыш үчүн 40 миң доллардан тышкары жол кире, баскан-турганга деле акча керек да. Өзүбүздө жасалса андай ашыкча чыгымдар болбойт”.

“Бикард” клиникасы он жыл мурда, 2016-жылы 18-апрелде ачылган. Учурдагы саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов мамлекеттик кызматка барганга чейин ушул оорукананын башкы дарыгери болгон.

Операцияга башка бөлмөдөн көз салып турган адистер. Бишкек. 2026-жыл.
Операцияга башка бөлмөдөн көз салып турган адистер. Бишкек. 2026-жыл.

Кыргыз кардиохирургиясынын жаңы доору башталдыбы?

Адистердин айтымында, жылдан жылга дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткендердин саны көбөйүүдө. Шарт жоктугунан, айлыктын аздыгынан улам саламаттык сактоо жаатында кадр тартыштыгы жаралды.

Кардиохирург Асан Назаров бул маселени медициналык камсыздандыруу системасын жолго коюу менен чечсе болот дейт.

“Медициналык камсыздоо өнүккөн өлкөлөрдө каралган. Аларда ар бир жаран өз ден соолугу үчүн чоң акча бөлөт. Бизде бул түшүнүк эми гана кирип жатат. Жарандарыбыздын мамлекетке финансылык салымы да, талабы да жок. Адамдар өз ден соолугуна акча бөлсө, мамлекет дарыгерлерге мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип берсе, бейтапты керектүү деңгээлде дарылоого жол ачылмак. Биз үчүн бир жакшы үлгү бар. Мурда гемодиализ алыш үчүн бейтаптар кезек күтүп турчу, жабдыктар да саналуу эле. Реформалардын жыйынтыгы, мамлекеттин каржылоосу менен азыр бейтаптар менчик клиникалардан диализ алып жатышат”.

Асан Назаров муну менен катар ооруларды дарылоого караганда, алдын алуу жеңил экенин эске салып, эл арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин көбүрөөк жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөккө жаңы ыкмалар менен бир нече операциялар жасалганын айта кетүү керек. Анткен менен эксперттер кардиология жааты заман талабына жооп бербей, артта калып жатканын белгилешет.

Быйыл январь айында Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХОТИИИ) жетекчилери кызматтарынан алынган.

Профессор Нелли Ахунбаева бир кезде атагы алыска кеткен кыргыз кардиохирургиясы ар кандай себептерден улам орто жолдо ташыркап калганын айтты:

“1975-жылы Иса Коноевич жол кырсыгынан каза болду. Бирок күчтүү шакирттери артында калды. Өкүнүчтүүсү, кийин кардиохирургияны Кардиология институтуна өткөрүп коюшту. Кыйын кардиохирургдар чет өлкөгө кетип калышты. Алар болгондо балким азыркы операцияны мурда эле кылышмак. Кардиохирургия акырындап өнүгүп жатат, бирок ойдогудай эмес. Кеп таланттуу дарыгерлердин жоктугунда деле эмес. Бизде мыкты адистер бар. Бирок медицинада жетекчилик өтө тез алмашууда. Башталган иш аягына чыкпай калып жатат. Ушунун баары ишке терс таасир этет да”.

"Бикард" клиникасынын жамааты.
"Бикард" клиникасынын жамааты.

Адистер соңку жылдары жүрөк-кан тамыр оорулары жашарып, өлүмдүн бардык учурларынын 52,3% түзүп жатканын айтып келишет. Дартка чалдыккандардын басымдуусу эмгекке жарактуу курактагылар.

Мындан улам былтыр “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол коюлган. Ага ылайык, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулары алып келген өлүм учурларын 25% азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү милдети коюлган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG