Аба ырайы: жаан жаайт

24-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым желеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым желеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Дагы караңыз

Ош шаарында Oxford мектебин ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрдүАдылбек Касымалиев инвесторлорго шарт түзүү чабал болуп жатканын айтып, акимди зекидиПарламент "Баатыр энелердин" балдарынын билим алуусуна жеңилдик берүүнү колдодуЖК төрагасы мугалимдин маяна маселеси боюнча 300дөй кайрылуу түшкөнүн айттыМенчик мектептердин окутуу акысын тескөө сунушталды