Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын тарапташы (өкүл баласы) делген Мунарбек Сайпидиновдун иши 29-апрелде Кара-Суу райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Мунарбек Сайпидиновдун жакындары менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тарап, ал камактан бошогону айтыла баштаган.
Ош облустук соту бул маалыматты төгүндөп, анын бөгөт чарасынын мөөнөтү 14-майга чейин узартылганын, учурда камакта экенин белгиледи:
"Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 336-беренеси (Коррупция) жана 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) негизинде айыпталган С.М.А. кылмыш иши боюнча сот отуруму 29-апрель саат 15:00гө калтырылган. Кара-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 2-декабрындагы токтомунун негизинде С.М.А. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2026-жылдын 14-январына чейин тандалган. Андан кийин бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 13-январында 14-мартка чейин, экинчи жолу 4-марттагы токтом менен 14-майга чейин узартылган. Айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы камакта".
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени, Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан бери жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталганын маалымдаган.
Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. Ага чейин аталган айыл өкмөттө депутат, айылдык кеңештин төрагасы болуп да иштеген.
2025-жылы августта аны Орусиядан кармап алып келишкен. Кармалганга чейин Сайпидинов социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле ал "Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө айрым фактыларды ачыктай турганын" билдирген.
Сайпидиновго ушуну менен экинчи жолу кылмыш иши козголгон.
2021-жылдын 11-январында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки териштирүү башталганда да кармалган. Эки күндөн кийин, 13-январда Ош шаардык соту анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагына чыгарган. (DSh)