Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги Ысык-Көлдүн Тамчы айылында көл жээкке кум төгүлүп жатканы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.
Министрлик көл жээгин эс алууга ыңгайлаштыруу максатында кум төгүлгөнүн, эс алуучулардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн жээк сызыгында бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Маалыматта соцтармактарда тараган тасмаларда айтылгандай кум төгүү иштери эс алуучу жайдын аймагын кеңейтүү максатында болбогону жана экологиялык коопсуздук талаптары сакталып, химиялык жана башка зыян заттар жоктугу белгиленген.
"Көл жээгине алгач пансионаттын аймагынан казылган кум-шагыл жана топурак төгүлөт, эң үстүнө эленген кум себеленет. Бул заманбап туристтик объекттерде колдонулуп келе жаткан ыкма", - деп билдирди министрлик.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда Тамчы айылында беш жылдыздуу үч пансионат курулуп жатат.
Активист Эртай Исаков Фейсбуктагы баракчасына көлгө кум төгүлүп жатканы тартылган тасманы жарыялап, "көлдү тирүүлөй көмүп, акваториясын казылган жерден чыккан топурак менен толтуруп, мыйзамга жана экологияга каршы иш жүргүзүп жаткан" компанияларга чара көрүүнү президенттен суранган.(ZKo)