Гимн боюнча комиссия жаңыланды, аны мамкатчы Койчиев жетектейт

Жогорку Кеңеш. Өкмөт мүчөлөрү. Гимн аткарылыпжаткан учур.

Гимндин текстин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жетектемей болду. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси чыкканын өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын өкүлдөрү, илимпоз филологдор, белгилүү композитор, дирижер жана маданият кызматкерлери кирген. Алардын аты-жөнү азырынча айтыла элек.

Жогорку Кеңеш 29-январдагы жыйынында мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какан.

Гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясын даярдоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына парламенттин депутаттары Нуржамал Төрөбекова, Бактыяр Калпаев, Уланбек Жаанбаев, Камила Талиева жана Венера Салямова кирген. Комиссия 1-июнга чейин иштей турганы айтылган. Ошол учурда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Нурланбек Тургунбек уулу эгер зарыл болсо комиссиянын убактысы дагы узартыларын айткан.

Сынакка жеке адамдар же биргелешкен топтор да катышса болот.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.

Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратып келатат.

Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сөздөрдүн мааниси талаштуу деп, аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда мунай заводдоруна соккуда бир киши каза таап, өрт чыкты Тамчыда көл жээгине кум төгүлүп жатканы тууралуу видео боюнча түшүндүрмө берилдиКыргызстандын авиациялык эрежелери тууралуу буйрук коомдук талкууга коюлдуОрусия Днепр жана Житомирге сокку урду, бир нече кишинин өмүрү кыйылды