21-апрелде Бишкектеги эки өлкө чогуу негиздеген "Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия славян университетинин кампусу боюнча келишимди ратификациялоо" мыйзамы талаш-тартыш талкуу менен өттү.
"Антисоветизмден коргонуу керек"
Депутат Михаил Матвеев Кыргызстанды “русофобия күчөп жаткан өлкө” деп атап, бул республикада орусча аталыштар өзгөртүлүп жатканын сындады. Ал Кыргызстанда орусча аталыштар өзгөртүлүп келатканын белгилеп, Москва университетти кеңейтүү үчүн акча бөлүп жатканын кескин сындады.
Михаил Матвеев
"Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров Ош облусундагы сапарында орусча аталыштагы жер аталыштары өзгөртүлөрүн, бул кийинки жылы аяктай турганын айтты. Буга чейин орусча, советтик аталыштарды алып жүргөн он беш айылдын аталышы алмаштырылган. Бишкекте Жаш Гвардия, Горький, Толстой, Гоголь, Фрунзе көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлдү. Биз Кыргызстандагы орусча, советтик аталыштарды өчүрүп жатабыз жана Ельциндин атын түбөлүккө калтырууга көмөктөшүп жатабыз. Согуш маалында өлкө 15 млрд рубль бөлгөнү жатат. Бул республикаларда гүлдөп жаткан русофобия жана антисоветизмден коргонуу үчүн башка параметрлер жокпу?", - деди Матвеев.
7-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы алмашты. Арасында орус депутаты атаган көчөлөр дагы бар.
13-апрелде президент Садыр Жапаров Алай районунун тургундары менен жолукканда өлкөдөгү айыл аталыштары толук кыргызчаланарын айткан. Андан соң "Ынтымак Ордо" Жапаров аталыштарды өзгөртүүдө адам ысымдары гана берилбей тургандыгы жөнүндө сөз болгонун тактаган.
Садыр Жапаров. Алай району.
Кыргызстанга "болушкан" орус депутаты
Мамдуманын дагы бир депутаты Константин Затулин Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу Орусияга ылым санарын айтып, аталыштарды алмаштыруу ар бир өлкөнүн ички иши экенин айтты.
"Мамлекеттик Думада айтылган мигрантофобияга карабай, русофобия жана Советтер Союзунун мурасы менен күрөш тууралуу айтууга да мажбурбуз. Президент Садыр Жапаров айтканын кийин анын басма сөз кызматы четке какты. Бирок, тилекке каршы, топонимдерди өзгөртүү көп өлкөлөрдө жүрүп жатат. Сиздер эске албаган өлкөлөрдө да ошондой. Бул - алардын ички иши. Ага өкүнгөндөн башка айла жок. Чынында кыргыз университети сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен биз ал процессти жайлатып жатабыз", - деди ал.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Фрунзе, Толстой, Гоголь көчөлөрү. Мамдумадагы талаш-тартыш
Жыйынга келген баяндамачы, Орусиянын илим министринин орун басары Анастасия Бондаренко Кыргыз-Орусия университетин кеңейтүүнүн маанисине токтолду.
"Биз орусиялык баалуулуктарды бекемдөөгө жана жайылтууга аракет кылып жатабыз, салттуу багыттарыбызды өнүктүрүп, көптөгөн тарыхый окуяларды эстеп жүрүүгө жетишүүгө умтулабыз. Мындай университеттердин ишмердүүлүгү буга көмөктөшөт деп эсептейбиз", - деди ал депутаттарга жооп берип жатып.
Кыргызстанда жер-суу аталыштарын кыргызчалатуу аракетине Москва буга чейин дагы кыжырданганы маалым.
2023-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага өзгөртүү сунушуна Кремль реакция жасаган. Кыргыз коомчулугунда Орусия Кыргызстандын ички ишине аралашып жатканын сындагандар арбын чыккан.
Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айылдардын аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыга элек.
Дагы караңыз
"Бишкектин төрт району качан өзгөрөт?". Жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси колдоо таптыЕльциндин атын алган окуу жай кеңеет
Мамдуманын депутаттары ошол эле жыйынында Бишкектеги Кыргыз-Орусия университетине берилген Орусиянын экс-президенти Борис Ельциндин ысымы боюнча дагы талашып-тартышып, алтургай Кыргызстандын туңгуч президентин келекелеп ийгенге да жетишти.
"Жалпысынан айтканда, Ельциндин орус-кыргыз мамилелерине эмне эмгеги сиңди эле? Акаевдин таз башын кашык менен койгулагандан башка", - деди Мамдума депутаты Ренат Сулейманов.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Орусиянын Илимдер академиясынын мүчөсү, техника илимдеринин доктору.
Кыргыз-Орусия славян университетинин жаңы кампусу Байтик айылынын аймагында, 30 гектардай жерге курулары пландалып жатат. Университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2023-жылы Бишкекке сапары учурунда кол коюлган.
Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек.
Кыргыз-Орусия славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапаттуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.
2025-жылы университеттин ректору болуп Сергей Волков шайланган. Ошондой эле бул окуу жайда Камкорчулар кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган.