Ливан менен Израил атышууну дагы үч аптага токтоткону жарыяланды

Израил-Ливан чек арасы.

АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ливан атышууну токтотуу режимин дагы үч жумага узартууну макулдашканын билдирди. Анын айтымында, бул чечим Ак үйдө эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды. Алгач 16-апрелде жарыяланган келишим 26-апрелде аякташы керек болчу.

“Жолугушуу абдан жакшы өттү!” - деп жазды Трамп 23-апрелде Truth Social тармактагы баракчасына. Ал ошондой эле АКШ Ливанга “Хезболладан” коргонууга” жардам берүү үчүн аны менен кызматташууга ниеттенип жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө Ливандын атынан анын АКШдагы элчиси Нада Хамаде Моавад, ал эми Израил тараптан элчи Ехиэл Лейтер катышты. Трамптын айтымында, америкалык тараптан жолугушууда вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана АКШнын Израилдеги жана Ливандагы элчилери болгон.

Трамп жакынкы апталарда Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана Ливандын президенти Жозеф Аунду кабыл алууну кааларын билдирди. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ал журналисттерге Иран “Хезболланы” каржылоону токтотууга тийиш экенин айткан.

Ок атышууну токтотуу режимин узартуу Израил-Ливан чек арасындагы чыңалуу сакталып жаткан учурда ишке ашууда. Келишимге карабастан Түштүк Ливанда кагылышуу жана соккулар уланып, тараптар бири-бирин макулдашуунун бузулушуна айыптап келишкен.

Иран колдоп келген “Хезболла” – Ливандагы куралдуу топ жана ошол эле учурда саясий күч. АКШ аны террордук уюм деп эсептейт, ал эми Евробиримдик анын аскердик канатын гана санкциялык тизмеге киргизген.

Дагы караңыз

Өкмөт электрондук тамеки импортун тыюу мөөнөтүн узартууну сунуштадыТрамп Ормуз кысыгына мина койгон бардык кемелер аткыланарын эскерттиМосквада Садыр Жапаров Путин менен жолугушту Кремлдин өкүлү Москвада Путин менен Садыр Жапаров жолугарын билдирди