Тажикстандын үч банкы Евробиримдиктин санкциялык тизмесинен чыгарылды

Тажикстандын Улуттук банкынын имараты.

Үч тажикстандык банк Евробиримдиктин санкциялык тизмесинен чыгарылды. Мындай чечимди Еврокомиссия 23-апрелде Евробиримдиктин 20-санкциялык пакетинин алкагында кабыл алды.

Сөз Spitamen Bank, Dushanbe City Bank жана Тажикстандын Коммерцбанкы тууралуу болуп жатат. Бул банктар мурда 19-пакетке киргизилген болчу.

Маалыматка ылайык, санкцияларды кайра карап чыгуу Тажикстандын бийлиги менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы диалог жана кызматташтыктын натыйжасында ишке ашты.

Айрыкча эл аралык стандарттарды киргизүү, каржылык эрежелерди сактоону күчөтүү жана акчаны адалдоого каршы күрөштү бекемдөө тууралуу талкуулар жүргөн.

Тажикстандын Улуттук банкы мындан ары да ачык-айкындуулукту жогорулатуу, ички көзөмөлдү күчөтүү жана банк системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ишин улантарын билдирди.

Ошол эле 19-санкциялык пакеттин алкагында Евробиримдик Кыргызстандагы "Керемет Банк" жана "Бакай Банк" банктарына каршы чектөөлөрдү киргизген.

Брюсселдин маалыматына ылайык, бул каржылык уюмдар Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонулушу мүмкүн деген шек бар. Ошондуктан европалык компанияларга алар менен транзакция жүргүзүүгө тыюу салынган.

Кыргыз бийлиги шаркеттин дооматын февраль айында эле четке кагып, өз жүйөсүн айтуу үчүн Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливанды Бишкекке чакырып, Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” экени маалым болгон.

Дагы караңыз

Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору түзүлдүАлайдагы ата-энелер менен мугалимдер жаңжалы боюнча маалымат берилдиЖеке ветеринарлар ассоциациясы эпизоотиялык абалга кооптонуусун билдирди