CNN: Уиткофф жана Кушнер Иран менен сүйлөшүү үчүн Исламабадга жөнөдү

Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф

АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен кеңешчиси Жаред Кушнер Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен сүйлөшүү үчүн Пакистандын борбору Исламабадга жөнөдү. Бул тууралуу CNN өз булактарына таянып билдирди.

Ирандын парламент спикери Мохаммад-Багер Калибаф бул жолку жолугушууга катышпагандыктан Тегеран менен сүйлөшүүдө Американын делегациясын буга чейин жетектеп барган вице-президент Жей Ди Вэнстин сапары азырынча планда жок. Ошентсе дагы, булактардын айтымында, Вэнс сүйлөшүүлөрдө жылыш болсо Исламабадга барууга даяр турат.

Аракчи Пакистандан соң Орусия менен Оманга барат.

“Сапардын максаты өнөктөштөр менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоо жана аймактагы кырдаалга байланыштуу кеңешүү”, - деп жазды ал Х социалдык тармагына.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Исламабадда Ирандын тышкы иштер министри Тегерандын АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууга мүмкүн болгон позициясын айтат.

Ирандын Tasnim агенттиги Аракчинин Исламабадга сапары учурунда америкалык делегация менен сүйлөшүү пландалбаганын жазды.

Иран сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн өз портторундагы америкалык блокаданы алууну талап кылууда.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Калибаф сүйлөшүү өткөрүү командасынан чыгышы мүмкүн экенин жазышты.

Израилдик жана ирандык оппозициялык булактардын айтымында, буга Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрү менен болгон пикир келишпестик жана Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууну жарым-жартылай ачуу сунуштарынын ишке ашпай калышы себеп болушу мүмкүн.

Ирандын расмий маалымат каражаттары Калибафтын отставкасы тууралуу маалыматтарды четке кагып, ал парламентте ишин улантарын белгилешти. Ал эми сүйлөшүүлөрдү өткөрүү делегациясынын курамы толук белгилүү боло электиги белгиленди.

Тегерандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин мурдагы катчысы Саид Жалил жетектеши ыктымалдыгы айтылууда. Ал 2007-2013-жылдары өзөктүк программа боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү (АКШ, Орусия, Франция, Улуу Британия жана Кытай) жана Германия менен сүйлөшүүлөрдөгү катаал позициясы менен белгилүү.

Дагы караңыз

Тажикстандын үч банкы Евробиримдиктин санкциялык тизмесинен чыгарылдыNYT: Можтаба Хаменеиге кеп бут салып, пластикалык операция жасоо керек Орусия менен Украина туткун айырбаштады