Кыргызстан–Кытай–Пакистан транспорттук каттамы ачылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызстан–Кытай–Пакистан каттамы боюнча жарыялаган сүрөт. 2026-жылдын 24-апрели.

Транспорт жана коммуникация министрлиги Кыргызстан–Кытай–Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттам ийгиликтүү ишке ашырылганын кабарлады. Каттам Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында киргизилди.

Ал Бишкектен башталып, Торугарт - Кашкар - Хунжераб - Исламабад - Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу 3 300 чакырымды түзөт.

«Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан «өткөн жумада чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетип барганын» билдирди.

Президент Садыр Жапаров былтыр 3-4-декабрь күндөрү Пакистанда мамлекеттик сапар менен болгон. Анда пакистандык деңиз портторун пайдалануу сүйлөшүлгөн.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында да кызматташып келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт Бишкектин Башкы планы жөнүндөгү токтомун бекиттиТажикстандын үч банкы Евробиримдиктин санкциялык тизмесинен чыгарылдыСирия Хмеймим авиабазасын машыгуу борборуна айландырууну көздөп жатканы маалымдалдыБишкекте жети жашар кызды зордуктоого шектүү кармалды