Бишкек шаарындагы Юлиус Фучик атындагы паркта Чернобыл апаатынын 40 жылдыгына байланыштуу эскерүү митинги өттү.
26-апрель күнү болгон иш-чарага апааттын кесепетин жоюуга катышкан ардагерлер, АЭС кырсыгынан жабыркагандар, алардын жакындары, шаар мэри Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев катышты.
Митингде шаар башчысы, ардагерлер сөз сүйлөп, 40 жыл мурдагы апааттын эпкини бүгүн да элдин эсинде турганын айтышты. Аягында куткаруучуларга коюлган эстеликке гүлчамбар коюлуп, Улуттук гвардиянын аскерлери асманга үч жолу ок атышты.
СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Украинадагы Чернобыл өзөктүк ишканасында болгон жарылуу айлана-чөйрөгө оор зыян келтирип, жүз миңдеген адамдар там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында жабылган.
Станциядагы кырсыктын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Социалдык фонддун маалыматына караганда, азыр 1020 чернобылчы бар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16-январда кол койгон токтомго ылайык, Чернобыл кырсыгынан жабыркаган жарандардын пенсиясына кошумча кенемте бекитилген. (ZKo)