Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Өзбекстандын эки компаниясы Евробиримдиктин санкциясына кирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетинин алкагында үчүнчү өлкөлөрдөн 120 жеке адамды жана 16 уюмду "кара" тизмеге кошту. Алардын арасында Өзбекстандан эки ишкана - Фергана химиялык заводу жана Жизак облусундагы Raw Materials Cellulose ишканасы бар. Бул тууралуу Еврокомиссиянын сайтында маалымдалган.

Санкциялык эскертүүдө Фергана химиялык заводу Пермь жана Казан шаарындагы ок өндүрүүчү заводдорго чийки заттарды жеткирип, ал эми Raw Materials Cellulose Тамбовдогу ок заводун чийки зат менен камсыздап келгени белгиленген.
Бул ишканаларга Евробиримдиктин субъектилеринен каржылоо жана экономикалык ресурстарды берүүг тыюу салынат. Эгерде аларга тиешелүү активдер шаркеттин юрисдикциясында болсо, алар камакка алынат.

Аталган ишканалар былтыр Британия жана Украинанын санкцияларынын тизмесине да кирген.

Мурдараак "Азаттык Азия" Фергана химиялык заводу жана Орусияга целлюлоза жеткирген бир нече компаниялар Европанын санкцияларынын астында калган Рустам Муминовдун көзөмөлүндө экенин маалымдаган. Муминовду Өзбекстандын "целлюлоза падышасы" деп атап жүрүшөт. Бул ишканалар Орусияга жеткирилген целлюлозанын 85 пайызын камсыздайт.

Мурдараак Украина Экономикалык коопсуздук кеңеши билдиргендей, Евробиримдик целлюлозаны санкциялык тизмеге киргизгенден кийин (бул товар Орусияга аскердик максатта колдонулбаса гана жеткирилүүгө болот — ред.) өзбек компаниялары целлюлозаны "пахта буласы" деген ат менен ташый башташкан.

Өзбекстан жыл сайын болжол менен 1,1 миллион тонна пахта буласын өндүрөт. Анын сатып алуучулары салттуу түрдө Кытай, Түркия жана Орусия.

Шерине

XS
SM
MD
LG