Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:36

Бишкекте концерт учурунда бомба тууралуу жалган маалымат берген адам кармалды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "жардыргыч зат" коюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелген жаран кармалды.

25-апрелде саат 19:02 чамасында милициянын 102 кызматына аталган филармониянын имаратында жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу, ошондой эле Ленин райондук милициясынын жетекчилиги барган.

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жарандар эвакуацияланып, имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Тийиштүү издөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, маалымат тастыкталган жок",- деп билдирди Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында бир нече сааттын ичинде 19 жаштагы Я.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Шектүү Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бомба тууралуу жалган маалымат берилген учурда филармонияда Tynda Music оркестринин концерти өтүп жаткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) "бомба" тууралуу жалган маалымат берүү менен коомдук коопсуздукка коркунуч жаратыларын, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирилерин жана бул кылмыш жоопкерчилиги болорун эскертти.

Жардыргыч зат коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG