Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

Алайда күчү 3 баллдык жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алай районундагы Сары-Таш айылында күчү 3 баллды түзгөн силкинүү катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 26-апрелде, саат 7:27де катталган. Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллды түзгөн, ал Сары-Таш айылынан сегиз, Кара-Киндик айылынан 14 чакырым аралыкта орун алган.

Силкинүүнүн күчү Бор-Дөбө айылында 2,5 балл, ал эми Кара-Киндикте 2 балл сезилген.

Апрель айында Кыргызстандын аймактарында жер титирөөлөр апта сайын катталууда. 18-апрель күнү саат 9:48де Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын чектешкен аймагында күчү очогунда 3,5 балл болгон жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, сейсмикалык активдүү аймак болуп эсептелген Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.

Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын билдирген. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG