1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин эмгек акысы да жогорулатылды.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу түзүмдөрдүн: республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоочу борборлордун, бардык социалдык стационардык мекемелердин, республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, аймактык бөлүмдөрдүн социалдык кызматкерлеринин - жалпы 3400дөн ашуун кызматкердин айлыгы көбөйдү.

Маяналардын жогорулашы менен кошо административдик-башкаруучу, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже персоналга 5 миң сом өлчөмүндө "президенттик компенсация" кошумча төлөнөт.

Маалыматта министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы 1-сентябрдан тартып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүлгөн кезде жогорулай турганы кошумчаланган.

Марттын соңунда президент Садыр Жапаров айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгын 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулатуу жарлыгына кол койгон.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык 42 019 сом болду.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш бар. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ZКo)

Дагы караңыз

Саратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыЖин-шайтан, мастан жана мушташ. Кыргыз көрүүчүнүн табити жана талабыИлим Карыпбековго Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынды