Үлүш жери бар кош бойлуу аялдар жөлөк пул алышат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул үлүш жери бар, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнө да берилет.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 27-апрелде сайтына жазып, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул берүү тартиби өкмөттүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтому менен бекитилген жобонун негизинде ишке ашарын ырастады.

Жобонун нормаларына ылайык, камсыздандыруу төгүмүн төлөп жаткан жеке ишкерлер, иш берүүчүлөр менен эмгек келишиминин негизинде иштегендер жумушсуз катары расмий каттоодо турган, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар аялдар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алышса болот. Расмий жумушсуз деп катталган аялдардын жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 12 ай болушу керек.

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт жөлөк пулун албаган келиндердин маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн.

Кош бойлуулук жана төрөт жөлөк пулу төрөткө чейинки 70 күн, андан кийинки 70 күн, жалпы 140 күнгө эсептелип төлөнөт.

Кыргызстандагы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 2024-жылдын 1-январынан тарта көбөйтүлгөн. Ага ылайык айдын 11-иш күнүнөн тартып, 20 эсептелген бирдикти - 2 миң сом төлөнөт. Алгачкы 10 күн жумуш берүүчү тарабынан кирешенин 100% эсебинде төлөнөт. Бийик тоолуу аймактарда төлөм жалпы бир айга кирешенин 100% эсебинде төлөнөт.

Бала төрөлгөндө бир жолу 4 миң сом "балага сүйүнчү" берилет.(ZKo)

Дагы караңыз

1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдүСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыЖин-шайтан, мастан жана мушташ. Кыргыз көрүүчүнүн табити жана талабы"Өзгөчөлүгүн сактабаган эл мезгилге жем болот"