ИИМ коомдук жайларда кайыр сурагандар жоопко тартыларын билдирди

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайлардагы тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салуу, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоо жөнүндө сунушунун негизинде бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, 23-апрелде кол коюлду.

Мыйзамдар менен жолдун автоунаа өткөн бөлүгүндө тилемчилик кылууга, коомдук жайларда кайырчылык кылууга тыюу салынат. Аны бузгандар 20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартылат же үч суткага чейин камакка алынат.

Ошондой эле улгайган жарандарды, кош бойлуу аялдарды, психикалык жактан жабыркаган адамдарды, майыптыгы барларды тилемчиликке тарткандарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында тилемчилик кылган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ИИМ бул мыйзам долбоору жакыр, муктаж жарандарды жазалоого эмес, коомдук тартипти бузган жана элдин коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерди токтотууга багытталганын белгилеген.

Кыргызстанда базарларда, көчөлөрдө, мечиттердин жанында, автоунаа жүргөн жолдордо жаш балдар, балалуу аялдар, улгайган адамдар жана башка тилемчилер көбөйүп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген. (ZKo)

Дагы караңыз

Элчи Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болду Кыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алатБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуЭнергетика министрлиги бөлүштүрүүчү компаниялардын кайрылуусуна комментарий берди"Түндүк" аркылуу 261 миң адам өзүнө насыя алууга тыюу салдыКендирбаева мугалимдердин айлыгы бирдей жогорулаганын айтты